Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Айда суунун изи табылды


Космосту изилдөөчүлөр Айда бир кездери суунун болгонун далилдеген фактыларды табышты. 3 кеме, анын ичинде Индиянын Айга жиберилген алгачкы жабдыгы чогулткан маалыматтарга караганда, Айдын кыртышы суунун бөлүктөрүнөн турган жука катмар менен капталган. Бул тууралуу ушул жумада Science журналы жазып чыкты. Аполлон миссиясы алып келген үлгүлөр бир аз нымдуу болуп чыккан, бирок адистер аларга башка заттар кошулуп кеткен болушу керек деп шектенишет. Суунун изи чындап эле бар болуп чыкса, болочокто астронавттар Айда бир нече убакыт өткөрө алышмакчы.

XS
SM
MD
LG