Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Кадамжайдын мурдагы акими губернатор менен соттошуга даяр


Кадамжай районунун мурдагы акими Асамидин Ташов облус губернатору менен соттошууга даяр экенин “Азаттыкка” бүгүн билдирди. "Облус губернатору Маратбек Жумабековдун сотко берем дегени эч кандай түйшүк деле эмес, анткени облус жетекчиси акча сураганы жана батир маселеси боюнча күбөлөрүм да бар. Болгону соттун жүрүшүнө губернатордун өкүлү эмес өзү катышуусу керек, бетме-бет келгенде мен далилдеримди айтам",- дейт Асамидин Ташов. Кадамжай районунун мурдагы акими Асамидин Ташов губернатор акча жана үй-жай сураганда бербей койгон үчүн кызматтан алынганын айтып чыккан. Ал эми губернатор Маратбек Жумабеков бул сөздөрдү жалаа деп сотко берээрин билдирген. (JsA)

XS
SM
MD
LG