Россиянын автогиганты - АвтоВаз ишканасы быйыл жумушчуларынын үчтөн бир бөлүгүн иштен кетирүүнү пландоодо. Ишкананын билдирүүсүнө караганда, 27 миң 600 жумушчу орун кыскартылышы мүмкүн. Лада машинасын чыгарган АвтоВаз ички талап азайгандан бери азыр 65 процентке гана иштөөдө. Ишкана акцияларынын 25 процентине франциялык Рено компаниясы ээлик кылат. Өткөн жумада орус маалымат каражаттары машина чыгарган ГАЗ компаниясы жыл аягына чейин 14 миң жумушчу орунду кыскартат деп кабарлашкан.