Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Обама өзөктүк куралдын коркунучун азайтууга чакырды


БУУнун Коопсуздук Кеңеши өзөктүк куралдарды жайылтууну токтотуу жана куралсыздандырууга багытталган резолюцияны бир добуштан кабыл алды. АКШ президенти Барак Обама өзөктүк куралдардын жайылуусун токтотуу боюнча резолюцияны “тарыхый” деп сыпаттады. Өзөктүк сыноолорду токтотуу боюнча келишимге Түндүк Корея, Индия жана Пакистан кол койо элек. Кошмо Штаттар, Индонезия, Иран, Израил, Египет жана Кытай келишимге кол коюшканы менен, ушул күнгө чейин бекитише элек. АКШ демилгечиси болгон резолюция өзөктүк куралды жайылтууну токтотуп, куралсызданууну колдоп, “өзөктүк терроризмдин коркунучун азайтууга” чакырат.

XS
SM
MD
LG