Бүгүн пезидент Курманбек Бакиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болуп, кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун эстелигине гүл койду жана шаардын борбордук аянтында тизилип коюлган айыл чарба техникасын көрүп чыкты. Бул 51 трактор жана 19 комбайн облустун социалдык өнүктүрүү фондусунун эсебинен алынган. Мамлекет башчысы ушул тракторлорду жана комбайндарды айдай турган адамдар менен баарлашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Бүгүн Ысык-Көл облусунун 70 жылдыгы белгиленип жатат.(AJ)