Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Акыйкатчы өлүм жазасын киргизүүгө каршы


Акыйкатчы Турсунбек Акун өлүм жазасын киргизүү боюнча эки чиновниктин сунушун колдобоону өтүнүп президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдой тургандыгын “Азаттыкка” билдирди. “Биз өлүм жазасын алып салууга кыйнчылыктар менен жеткенбиз. Эгерде кайрадан өлүм жазасын киргизсек Кыргызстандын жана президенттин эл аралык бедели төмөн түшүп дүйнөлүк коомчулукка уят болобуз”,-дейт Т.Акун. 23-сентябрда Коопсуздук кеңештин катчылыгында диний фанатизмге жол бербөө боюнча жыйын болуп, анда Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталинов өлүм жазасын калыбына келтирүү боюнча сунуш президентке жолдонорун билдиришкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG