Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Израилде мурдагы өкмөт башчынын үстүнөн сот башталды


Эхуд Ольмерт коррупцияга аралашканы үчүн айыпталып жатат. Тергөөнүн маалыматтарына караганда, Иерусалимдин мэри кезинде, кийин өнөр-жай жана соода министри болгондо Ольмерт америкалык ишкерден каражат алган, чет өлкөдөгү сапарларынын чыгымдарын көбөйткөн. Мурдагы премьер- министрдин өзү коюлган айыптарды четке кагууда. Бүгүн Иерусалимдеги сотко биринчи ирээт келгенде күнөөсүз экенин далилдөөнү убада кылды. Коррупциялык жаңжаал Ольмертти былтыр сентябрда өкмөт башчылыктан кетүүгө мажбурлаган, бирок быйыл мартта азыркы премьер- министр Беньямин Нетаньяху бийликке келгенге чейин ал кызматын аткарып жатты.

XS
SM
MD
LG