Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Казакстанда оппозициячыл гезит жарык көрүү аракетин улантууда


“Республика” басылмасы казак сотунун чечимине ылайык, 60 миллион теңге же 400 миң доллар айыпка жыгылган. Ал бул акчаны БТА деп аталган банкка төлөп берүүсү керек. Банк “Республика” газетасын ал быйыл март айындагы санында банктын каржылык абалы тууралу жазылган макала үчүн сотко берген эле. БТА банктын өкүлдөрүнүн ырастоосунда ошол журналисттик материалдын натыйжасында алар 6 миллиард тенге же 40 миллион долларга жакын каражат жоготкон. Кечээ оппозициячыл гезиттин жарык көрүүсүнө жол берилбей, даярдалган макети экинчи ирээт конфикацияланган. Бирок “Республика” гезити чыгуу аракетин улантаарын эскертүүдө. Оппозициячыл басылмага карата бийликтин кысымы, Казакстан келерки жылы ЕККУ уюмунда төрагалык кылар алдында орун алып олтурат.

XS
SM
MD
LG