Кыргызстандын транспорт жана байланыш министринин орун басары Таалайбек Эшалиевдин билдиришинче Кытай телевидениесинин берүүлөрү орус тилинде көрсөтүлөт. Каналды ачуу боюнча келишим 5 жылга түзүлгөн. Эгер Кыргызстан санариптик телевидениеге өтө турган болсо анда келишимдин мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кэйвэнь Кытай борбордук телевидениесинин берүүлөрү саны жагынан гана эмес, сапаты жагынан да экендигин жана бул канал аркылуу кыргызстандыктар Кытай жөнүндө жакындан маалымат ала алышарын белгиледи. Канал маалыматтык жана көңүл ачуучу берүүлөрдү камтыйт. Кытай каналы бүгүн эфирге чыгат.(AzK)