Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү курстары жаңыча иштелди


Бир жыл убакыт аралыгында ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" долбоору Кыргыз Билим берүү академиясы менен бирдикте мугалимдердин кесипчилик чеберчилигин жогорулатуу курстарын жаңыча иштеп чыгышты. Бүгүн Билим берүү академиясында окумуштуулар кеңеши жаңы программаны жактырса ал жакынкы келечекте билим берүү системасына киргизилиши мүмкүн. Долбоордун жетекчиси Кеңешбек Сайназаровдун билдиришинче мурунку эскирип калган мындай курстар мугалим үчүн гана түзүлсө, жаңы программада окуучунун позициясы эске алынып, инсанга багытталган окутуу деген түшүнүк киргизилген. Анда окуучунун жетишкендиктерин баалоонун жаңыча методикасы камтылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG