АКШнын президенти Питсбургда “Чоң жыйырманын” саммитинин жабылышында сүйлөп жатып, Иран жакын арада өзөктүк программасы жайчылык максатты көздөй турганын далилдеп бериши зарыл деди. Антпесе, Тегеранга каршы “тиштей турган” чаралар киргизилээрин да жокко чыгарган жок. 1-октябрда Түркияда Ирандын өзөктүк программасы боюнча талкуулар кайра башталат. Иранда уран байытчу дагы бир завод курулганы тууралуу кабар жума күнү таркаган. Тегеран муну жашырбаганын, ал Улуттар уюмунун шарттарынын алкагында курулганын айтып жатат. Бир топ дүйнөлүк лидерлер, анын катарында орус президенти Дмитрий Медведев да, Иранды сынга алышты.