Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Рим папасы Бенедикт XVI Чехияда


Бүгүндөн (26-сентябрдан) тарта үч күн бою Рим католик чиркөөсүнүн көсөмү - Рим папасы Бенедикт XVI Чехияда болот. Ал баш калаа Прагада, андан ары Брно, Старо-Белослав шаарларындагы чиркөөлөргө барып, ибадатты баштап турмакчы. Чехиянын жетекчилиги менен да жолугушуу болоору, бирок анда Ватикан менен Чехия ортосунда жетишиле элек келишим тууралуу маселе көтөрүлбөй турганы айтылды. Бенедикт XVI буга чейин Чехияга келе элек болчу. Учурда Чехияда калктын 60 пайыздан ашууну динге дээрлик кызыкпай турганы акыркы сурамжылоолордо маалым болгон. Динге берилген чехтер, негизинен, католиктер менен протестанттардан турат. Орто кылымдарда католик бийлигине каршы гуситтик ири кыймыл дал ушул чех жергесинде орун алган.

XS
SM
MD
LG