“Шахаб 3” деп аталган ракета атылса, АКШнын жана Израилдин Перс булуңундагы аскер базаларына чейин жетет, дешет адистер. Бүгүн Иранда орто аралыкка жетчү ракеталар сыналды. Жума күнү Иранда уран байытуучу дагы бир заводу бар экени аныкталган. Расмий Тегеран аны текшерүү үчүн МАГАТЭнин инспекторлоруна уруксат берээрин билдирди. Президент Махмуд Ахмединежад Нью-Йоркто Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынан кайтып келип, кечээ Тегеранда журналисттерге: "Биз Улуттар уюмунун агенттигине Комдогу өзөктүк завод жөнүндө айтканбыз. Алар ага каршы аракеттерди көрүп, жашыруун талкуулашты, өзүнчө эле чоң ызы-чуу чыгарышты, - деди. - Алар дале өздөрүнүн коммерциялык кызыкчылыгы үчүн бул аракеттерин уланта бериши мүмкүн, бирок бул империалисттик саясатка каршы өтө олуттуу соккуга айланууда".