Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Ош: СДПчылар оппозициялык партиялар биригишин кубаттайт


Социал-демократиялык партиянын Өзгөн райондук төрагасы Алишер Бакышевдин айтымында, төрт жарым миңдей идеялашы СДП жана «Ата Мекен» саясий уюмдарынын биригүүсүн кубаттап жатышат. Ошол эле учурда алар жаңы бирикмени Бириккен элдик партия, (кыскача БЭП) деп атоону сунуштоодо.

Бирок «Ата Мекен» социалисттик партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев «Азаттыкка» кабарлашынча, айрым санаалаштары БЭКтин курамындагы уюмдардын бир партияга биригүү демилгесине каршы чыгууда. Алардын оюнча, президенттик шайлоодон кийин БЭКтин азыркы жолбашчысы Алмазбек Атамбаевге карата элдин ишеними өчтү. Демек, мындай лидердин артынан калктын калың катмары ээрчип чыгышы күмөн. (ATo)

XS
SM
MD
LG