29-сентябрда Азербайжанда түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын алгачкы жыйыны ачылат. Ага Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев башында турган делегация катышат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Парламенттик Ассамблеянын алгачкы жыйынында анын регламенти, катчылыктын жобосу кабыл алынат жана Башкы катчы шайланат.(AiT)