Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Балыкчы окуясы боюнча сот шейшембиде улантылат


Бул тууралуу оппозициялык саясатчы Топчубек Тургуналиев билдирди. Маалыматка караганда, 29-сентябрда улана турган соттук териштирүүдө күбөлөр суралат. 23-июлдагы Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүү 11-сентябрда башталган. Тартип коргоо органдары Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери 23-июлда президенттик шайлоо күнү конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракеттенген, массалык баш-аламандык уюштурган жана шайлоого жолтоолук кылган деп 19 кишиге айып койгон. Адвокаттар жана оппозиция лидерлери айыптоолорду четке кагып, соттук териштирүүнү саясий куугунтук катары баалап жатышат.(AiT)

XS
SM
MD
LG