Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:00

И. Чудинов БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү

Кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 64 сессиясына катышып, анда ишемби күнү сөз сүйлөдү. Игорь Чудинов сөзүндө Ооганстан, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүнүн ишин активдештирүү, суу-энергетикалык маселелерге токтолду. Өкмөт башчы жекшемби күнү БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушту. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат катчысы Айбек Султангазиев Нью-Йорктон “Азаттыка” билдирди. (AiT)
XS
SM
MD
LG