Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Түркия менен Армения дипломатиялык мамиле орнотот


Эки коңшу өлкө тиешелүү келишимге 10-октябрда ко койору жөнүндө Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Анын айтымында, документке тышкы иштер министрлери кол коймокчу. Андан соң келишим эки өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификациялануусу керек. Дипломатиялык мамиле орнотуу түрк - армян чек арасын ачууну да карайт.

Биринчи дүйнөлүк согушта, Осмон империясынын тушунда бир жарым миллионго жакын армяндын кырылуусуна байланыштуу эки өлкө ортосунда олутуу талаштар али өкүм сүрүп жатканына карабай, мамилелерди нормалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү октябрдын ортосуна чейин аяктарын эки тарап өткөн айда жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG