Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Старсбургда бүгүн ПАСЕнин сессиясы ачылат


Жыйындын жүрүшүндө Орусиянын делегациясын Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыратуу маселеси талкууланары күтүлүүдө. Талкуу алдыдагы шаршемби күнгө белгилениши мүмкүн. Түштүк Осетиядан улам былтыр Грузия менен болгон согушка байланыштуу орус делегациясынын ПАСЕдеги ыйгарым укугун кайра кароону 72 парламентарий сунуш кылган. Грузия тарабынан даярдалган документте Москва ПАСЕнин Абхазия жана Түштүк Осетияга байланыштуу талаптарын аткарбаганы, алардын көз карандысыздыгын тааныганы айтылат. Орусия эгер ПАСЕ резолюция кабыл алса, алардын делегациясы Страсбургда жыйынды таштап кетерин эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG