Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:16

Ооганстанда министрге кол салуу аракети жасалды


Герат шаарында кечээ болгон жарылуудан өлкөнүн энергетика министри Исмаил Хан жабыр тарткан жок. Бирок кеминде төрт адам каза тапты жана он жети киши жаракат алды. Шаардын аэропортуна бара жаткан жолдогу жардыруу үчүн Талибан жоопкер болуп, алар мурда Герат провинциясынын губернатору болуп иштеген Исмаил Ханды бутага алышканын айтышты.
Ал эми азыр энергетика министрлигин башкарган Исмаил Хандын өзү кол салуудан аман калгандан кийин жасаган билдирүүсүндө, өкмөттү өлкөгө тынчтык жана стабилдүүлүк алып келүү үчүн ачык стратегия түзүүгө чакырды. Эгер зордук –зомблуктар улана бере турган болсо, өкмөт курамынан чыгарын эскертти.

Бул аралыкта, расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, соңку күндөрү Ооганстандын түндүк -чыгышында НАТОнун алты аскери курман болгон. Алардын экөөсү америкалык, бирөөсү британиялык, үчөөсү франциялык жоокерлер.

XS
SM
MD
LG