Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Иран ракеталарын эки баскычта сынады


Аскерий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, жоокерлер аскерий машыгуунун алкагында Шахаб –1 жана Шахаб- 2 ракеталарын ийгиликтүү сынады. Ал ракеталардын учуу аралыгы 300дөн 700 чакырымга чейин. Мунун алдында кечээ Ислам революциясынын сакчылар корпусу кыска аралыкка учуучу ракеталарды сынаганы кабарланган. Ал эми бүгүн, расмий өкүлдөрдүн айтымында, Шахаб -3 ракетасы сыналуусу керек. Маалыматтарга караганда ал 2000 чакырымга чейин уча алат. Ирандык генерал Хоссеин Салами белгилегендей, сыноолор Иран башка өлкөлөрдөн кандай аскерий коркунуч болбосун, жооп сокку урууга жөндөмдүү экенин көргөзүүдө. Ракеталардын соңку сынагы АКШ жана анын өнөктөштөрүнө Ирандын уран байытуучу жана мурда жашыруун сакталып келген экинчи ишканасы да бар экендиги маалым болгондон эки күндөн кийин жана тегерандык расмий өкүлдөр дүйнөнүн алты ири державасынын өкүлдөрү менен жолугардан бир нече күн гана алдыда болду. Ирандын талаштуу өзөктүк программасы талкууланчы жыйын 1-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG