Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Ангела Меркел Германияны дагы бир мөөнөт башкарат


Германияда кечээ өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары Ангела Меркелдин Христиан –демократтар партиясы добуштардын 34%ын, ал эми башкы атаандашы - Социал-демократтар 23%ын алганын көргөзүүдө. Бул -немис социал-демократтарынын Экинчи дүйнөлүк согуштан бери шайлоодо жараткан эң жаман көрсөткүчү жана соңку 11 жыл өкмөттө болгон партия эми оппозицияга кетип жатат. Ал эми Ангела Меркелдин блогу коалициялык өкмөттү кечээги шайлоодо 15%га жакын добуш алган Эркин демократтар партиясы менен түзчүдөй. Шайлоодогу жеңиши анык болгон соң Меркел жактоочуларына кайрылып, мындай деди:

-Мага тигилерге да кайрылууга уруксат бергиле. Бул коркутуу эмес, анткени мен колдоочулар канчалык маанилүү экенин билем. Бирок ар бир жактоочумдан сабырдуулукту унутпоону суранам. Мен мүмкүн болушунча немистердин баарынын канцлери болгум келет.

АКШ президенти Барак Обама, француз президенти Николя Саркози, британ премьер –министри Гордон Браун Меркелди шайлоодогу жеңиши менен куттукташты жана баары алдыдагы жылдары өз өлкөлөрүнүн Германия менен кызматташтыгы чыңдалат деген үмүттө экенин билдиришти.

XS
SM
MD
LG