Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Улгайган адамдар пенсияны көбөйтүүнү өтүнүшүүдө


Калкты социалдык жактан коргоо боюнча коомдук бирикменин башчысы Галина Хмелеванын билдиришинче, азыр Кыргызстанда пенсионерлердин теңинен көбү өтө жакыр жашайт. Анын айтымында, азыр орточо пенсия акы 2 миң сомдон ашат. 2009-жылы пенсия эки жолу көбөйдү, бирок инфляция менен кымбатчылыктын айынан бул жогорулатуу эч нерсеге арзыбай калды. Г. Хмелева өлкөдө улгайган адамдар кышты заарканып күтүп жатканын, згер азык-түлүктөр жана коммуналдык кызмат көрсөтүү дагы кымбаттаса айрым пенсионерлер жазга жетпей калышы ыктымал, деген чочулоосун билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG