Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагында учурда кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Баткендеги 2022 чек ара аскер бөлүгүнөн бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, өткөн жумада Тажикстандын Исфара райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматынын башчысы белгисиз куралчан адамдар тарабынан атылып кеткендигине байланыштуу тажик кесиптештери менен макулдашуунун негизинде чек ара кызматында күчөтүлгөн тартип киргизилген. Ал эми 26-сентябрда Тажиктсандын чек арадагы Сурх айылында МАИ кызматкерлеринен качып бараткан төрт адамды кармоо үчүн ок атылган. Бирок качкан топ кармалган эмес. Жергиликтүү чек ара кызматынан ошондой эле бул учурда чек ара бекеттерине эч кандай кол салуу болбогонун кабарлашты. (JsA)