Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Лидерлер Меркелди жеңиши менен куттукташууда


Дүйнө лидерлери Германиянын канцлери Ангела Меркелдин парламенттик шайлоодого жеңишин кубатташууда. Кечээки жалпы шайлоодо Меркелдин Христиан-демократтар партиясы добуштардын 34 процентине жакынын алды. Анын негизги атаандашы социал демократтар – 23 процент чогултту. АКШ президенти Барак Обама Меркел менен мындан ары кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө кубанаарын билдирди. Франциянын мамлекет башчысы Николя Саркози канцлер 4 жылдын ичинде элдин ишенимине ээ болгонун айтып, бул жеңиш анын далили деди. Италиянын өкмөт башчысы Силвио Берлускони Меркелге телефон чалып, "кубаттуу Европа" түзүү боюнча көз карашын бөлүшөөрүн белгиледи. Меркелдин блогу жарышта 15 процент добуш алган Эркин демократтар менен коалиция курууга даярданууда.

XS
SM
MD
LG