Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Батыш Ирандын сыноолоруна тынчсызданат


Батыш өлкөлөрү Иран өткөргөн ракета сыноолоруна байланыштуу камтамасын билдиришүүдө. Ирандын революциялык сакчылар бөлүктөрү машыгуулардын алкагында соңку эки күндүн ичинде кыска, орто жана узун аралыкка учуучу ракеталарын учурушкан. Франциянын Тышкы иштер министрлиги Тегерандан бул “дестабилдештирүүчү иш-чараларды” токтотууну талап кылды. Париж Иранды тирешүү эмес, кызматташуу жолун тандоого үндөдү. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солана сыноолорго байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, Иран уран байыткан экинчи ишканасына байланышкан маселени кечиктирилбестен чечүүгө тийиш деди. Өткөн аптада Тегеран Кум деген жердин жанында уран байытуу заводу курулуп жатканын ачыкка чыгарган. Батыш жашыруун ишкана Ирандын атомдук куралдын үстүнөн иштөө ниетин далилдейт деп ырастоодо. Ирандын тышкы иштер министрлиги болсо Батыштын шектенүүлөрү негизсиз деп билдирди. 1-октябрда Тегеран менен дүйнөнүн кубатуу 6 өлкөсүнүн өкүлдөрү жолугушуу өткөрүшмөкчү.

XS
SM
MD
LG