Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Филиппинде сел курмандыктарынын саны өсүүдө


Жаратылыш кырсыгынан каза тапкандыгы ырасталгандардын саны шейшемби күнгө карата 240ка чыкты. Өкмөттүн билдиргенине караганда, башкалаа Манилада жана анын тегерегинде 1,9 миллионго жакын адамдын турак –жайы суу басты, 380 миңге жакын киши утурумдук жайлардан башпаанек тапты. Филиппин өкмөтү кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн жардам сурап, эл аралык коомчулукка кайрылууда. Тропикалык шамалдан улам ушул ишемби күнү он эки саат ичинде жааган жамгыр бир айлык чен-өлчөмдөн ашып кеткен. Анын натыйжасында өлкө акыркы кырк жылдагы эң ири суу ташкынга кабылды.

XS
SM
MD
LG