Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:36

АКШ Мамкатчысы Түркия менен Арменияны планын ишке ашырууга чакырды


Хиллари Клинтон бул эки коңшу өлкөнү мамилесин нормалдаштыруу боюнча планын ишке ашыррууга үндөдү. Ал кечээ Нью-Йоркто БУУнун башкы ассамблеясы учурунда түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы жана армян тышкы иштер министри Эдуард Налбандян менен өз-өзүнчө кездешти. АКШ Мамлекеттик катчысынын айтымында, Вашингтон Армения менен Түркия мамилесин нормалдаштыруусун кызуу колдойт. Жараян шартсыз жана созулбастан ишке ашуусу керек деген ишенимде.

Бул жолугушуунун алдында расмий өкүлдөр Түркия менен Армениянын тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле орнотууну жана чек араларды ачууну караган келишимге 10-октябрда кол коёру күтүлүп жатканын билдиришкен. Бирок макулдашуу күчкө кирүүсү үчүн эки өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификациялануусу керек.

АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Филип Гордон макулдашууга эки өлкөдө тең саясий оппозициядан каршылык бар экенин белгилөө менен мамилени нормалдаштыруу боюнча жараянды “татаал” деп мүнөздөдү.

Биринчи дүйнөлүк согушта, Осмон империясынын тушунда бир жарым миллионго жакын армяндын кырылуусуна байланыштуу эки өлкө ортосунда олутуу талаштар али өкүм сүрүп келет. Алаканын начарлашын ошондой эле Армениянын Түркияга диндеш, тилдеш Азербайжан менен Толуу –Карабах боюнча чатагы да күчөткөн.

XS
SM
MD
LG