Бүгүн Бишкектин район аралык соту “Балдардын укугун коргоо лигасынын” өкмөткө каршы Билим министрлигин 1-4 класс окуучулары үчүн атайын форма киргизүүгө милдеттендиргени үчүн берген доо арызын карайт. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 1-4 класстын окуучуларын бирдиктүү мектеп формасын кийгизүү балдардын ата-энесинин эсебинен болушу керек деген өкмөттүн чечими “Билим берүү” тууралуу мыйзамга, Балдардын укугу боюнча конвенцияга каршы келет жана балдардын билимге болгон укуктарын чектейт. Андыктан лига өкмөттүн буга карата токтомун жокко чыгарууну соттон талап кылат. (AJ)