Бүгүнкү сот жараянында күбөлөр суралууда. Сотко айыпталуучулардын жактоочусу, БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров, Саясий куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев, ЖК депутаты Роза Отунбаева катышууда. Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз билдирди. 23-июлдагы Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүү 11-сентябрда башталган. Тартип коргоо органдары Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери 23-июлда президенттик шайлоо күнү конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракеттенген, массалык баш-аламандык уюштурган жана шайлоого жолтоолук кылган деп 19 кишиге айып койгон. (AJ)