Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Хизб-ут-Тахрирдин 1,5 миңдей активдүү мүчөсү бар


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тогузунчу башкармалыгынын кызматкери Эмил Жээнбеков “Азаттыкктагы” маегинде билдирди. Анын айтымында, азыр Кыргызстанда Хизб-ут-Тахрир сыяктуу диний радикалдык уюмдардын ишмердүүлүгү тартип коргоо органдары толук көзөмөлүндө турат жана мындай уюмдардын аракеттери басаңдаганы байкалууда. Аялдар арасында да диний радикал уюмдарга кирген учурлар көбөйгөн жок, дейт Э. Жээнбеков. Жакында эле Эл аралык кризис тобу баяндама жарыялап, анда Кыргызстанда аялдар диний радикал уюмдарга кирип жаткан учуралар арбый баштаганын билдирген. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда аталган уюмга сегиз миңдей адам мүчө жана алардын эки миңдейин аялдар түзөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG