Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 16:48

Өндүрүштөн чыккан таштандыларга тариф жогорулайт


1-октябрдан баштап ишкана, өндүрүштөн чыккан таштандыларды ташып кетүүгө баа жогорулайт. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңеши бүгүн кабыл алды. Маалыматка караганда, таштандыларды ташып кетүүгө шаардыктар киши башына 15 сомдон төлөйт. Ардагерлер үчүн мурдагыдай эле 4 сомдон алынат. Юридикалык жана чарбалык субьектер 1 кубметр таштандыга 150 сомдон төлөйт. Шаардык кеңеш ошондой эле Мусулмандардын дин башкармалыгына Бишкектеги "Ысык-Көл кинотеатрын жана анын жанындагы 3,26 га жерди 49 жылга ижарага берүү боюнча чечим чыгарышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештен билдиришти.(AJ)

XS
SM
MD
LG