Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Бишкектеги Олимпиадалык резерв боюнча республикалык окуу жайдын чоң класстарынын онго жакын окуучусу №38 мектепте массалык мушташ уюштурган, деп шектелип жатканын билдирди. Азыр аларга каршы кылмыш иши козголду. Билим министринин орун басары Үмүткан Тыналиева тополоң чыккан мектептер азыр катуу кайтарууда турганын маалымдады. №38 мектептеги массалык мушташты аталган спорт окуу жайдын окуучулары баштаганын айтты. Олимпиадалык резерв боюнча окуу жайдын деректиринин орун басары Уран Калилов "Азаттыкка" бул иш-аракеттер спорт окуу жайын каралоо максатында жасалып жатат, деп билдирди. Анын айтымында, өткөн ишемби, 26-сентябрь күнү Аламүдүн-1 кичи районунун жана Лебединовка айлынын балдары келип спорт мектептин эшик-каалгасын талкалап кеткен. Кечээки тополоңдон болсо №38 мектептен терезелери талкаланган. Үч-төрт адам жараат алган. (EBM)