Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Өрт өчүрүү кызматына жаңы автоунаалар келди


Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт өчүрүү башкы башкармалыгына жетимиштен ашык жаңы автоунаа тапшырылды. Бул иш-чарага президент Курманбек Бакиев катышты. Президент анда сөз сүйлөп, мындан ары аталган кызматты өкмөт ар тараптан колдоого аларын айтты. Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев кыргыз өкмөтү унаа алууга 248 миллион сом бөлгөнүн, болбосо 1984-жылдан бери аталган кызматтын техникалары жаңыртыла электигин билдирди. Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, бул машиналар эми өлкөнүн ар аймактарына бөлүштүрүлүп жөнөтүлөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG