Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Солтон-Сары өрөөнүндө мал ылаңдап жатат


Мындай маалыматты Нарын районундагы Эмгекчил айыл округунун башчысы Темирбек Асаналиев бүгүн депутаттардын Нарын райондук кеңешинин отурумунда билдирди. «Солтон-Сары кениндеги төрт дамба толуп, ылай суулар агын сууга кошулууда. Учурда койлордун көздөрү ооруп, чычкактап жатат. Бирок алар кенден чыккан суулар таза дешүүдө. Мамлекеттик мекеме болгондуктан эч ким унчуга албайт экен»,-дейт Темирбек Асаналиев. Солтон-Сары кен жайы "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун филиалы болуп саналат. Отурумда депутаттар атайын курам түзүшүп, окуяны жеринде иликтемей болду. Ал эми Нарын райондук ветеринария башкармасынын инспектору Эсенбек Тыналиев ал жактан малдар ооругандыгы тууралуу маалымат жоктугун айтат. (KUs).

XS
SM
MD
LG