Соттук жараян Петровка айылындагы Маданият үйүндө болот. Ишти Москва райондук сотунун төрагасы Марлес Феликс карайт. Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынан кабарлашты. Апрель айындагы Петровка айылындагы баш-аламандыкка байланыштуу айыпталып жаткан Эркин Бүлекбаев, Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскуловго байланыштуу соттук териштирүү 10-августа адвокат Александр Типеровдун арызы менен токтотулган. Арызда Типеров прокурорлорго ишеним көрсөтпөй турганын билдирген. Бирок Чүй облустук соту адвокаттын арызын канаатттандырган эмес.(AiT)