Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Брюсселде бүгүн Еврокомиссиянын доклады жарыяланат


Жарыялануучу доклад Орусия менен Грузиянын былтыркы августагы согушунун себептерин иликтөөгө арналган. Швейцариялоык дипломат Хайди Тальявини баштаган комиссиянын иликтөөсү тогуз айга созулду. Комисиянын жыйынтык доклады бүгүн Евробиримдиктин расмий адамдарына берилет жана коомчулукка да жарыяланат.
Бул аралыкта Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы – ПАСЕ кечээ кечинде кабыл алган резолюциясында Орусиянын, Түштүк Осетия менен Абхазиянын бийликтерин аймакка Евробиримдиктин байкоочуларын киргизбегени үчүн айыптады. Евробиримдик былтыр Орусия-Грузия ортосунда беш күнгө созулган уруштун токтошу үчүн ортомчулук кылган.

XS
SM
MD
LG