Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

“Ак жол” Бакыт Бешимовдун билдирүүсүнө макул эмес


Бул тууралуу партиянын төрага орун басары Табылды Орозалиев бүгүн маалымат жыйынында “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди. “Ак жолчу” Кыргызстан демократиялык нукта өнүгүп жаткандыгы айныксыз экендигин белгиледи.
СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов президент Курманбек Бакиев башында турган Кыргызстандын азыркы бийлигин тааныбай тургандыгын, 23-июлда Бакиев шайлоону биротоло жоюп, өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолун жок кылды деп билдирген. Ал эки күн мурда электрондук байланыш аркылуу тараткан өз билдирүүсүндө азыр Кыргызстанды адамдарды өлтүргөн, майып кылган, басмырлаган, кармаган, камаган, адамдардын жөнөкөй укуктарын тааныбаган легитимсиз, кылмышкер бийлик башкарып атат деп билдирген.

СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов президенттик шайлоодон кийин Америка Кошмо Штаттарына кетип, муну бийликтин саясий куугунтугу менен байланыштырган. (BuS)

XS
SM
MD
LG