Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Т. Орозалиев: Балыкчы окуясына бааны сот берет


“Ак жол” партиясынын төрага орун басары Табылды Орозалиев Ысык-Көл коомчулугунун кайрылуусун кубаттабай тургандыгын, Балыкчы окуясына мыйзам чегинде баа берилерин билдирди. Анын айтымында Балыкчы окуясы боюнча жолугушууда жергиликтүү тургундар “Ак жол” партиясынын бир катар депутаттарына Кубанычбек Кадыровдон чекилик кетип калгандыгын билдиришкен. Кол тийбестик укугунан ажыратылган СДП фракциясынан депутат Кубанычбек Кадыровдун кылмыш иши учурда Балыкчы окуясын уюштуруучу катары Башкы прокуратура тарабынан тергелип жатат. Ал эми Балыкчы шаардык соту ушул эле иш боюнча мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирди деген айып менен он тогуз киши соттолууда.
Бир апта мурда Ысык-Көл облус коомчулугунун аттуу-баштуулары президентке кайрылып, адам укуктарын коргоого, ашкере катаал чараларды көрбөөгө чакырган. (BuS)

XS
SM
MD
LG