Балыкчы окуясы боюнча айыпталып, камакта отургандар коопсуздук кызматкерлери кечкисин сурак жүргүзүп жаткандыгын бүгүнкү сотто билдиришти. Сот мындай аракеттерди токтотуу тууралуу Балыкчы шаардык коопсуздук кызматынын башчысына кат жөнөттү. Сот бул күнү ошондой эле ден соолугуна байланыштуу убактылуу бошотулган айыпталуучу Канат Сопуевди кайра камоо тууралуу чечим чыгарып, ал кайтып келгиче сот отурумдарын убактылуу токтотту. Муну сот айыпталуучунун сот отурумдарына келбей атышы менен байланыштырды. Айыпталуучунун тарапкерлери анын ооруканада жатканын айтышууда. Сопуев 23-июлдагы Балыкчы окуясында катуу таяктан жабыркагандыгы мурда маалымдалган. (BuS)