Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Австриялык инвесторлорду өлкөнүн түштүк аймагы кызыктырат


Бул туурасында оюн түштүктө жүргөн Австриянын Кыргызстандагы элчиси Урсула Фарингер ачыктады. Элчи айым Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймак боюнча өкүлү Б. Юсупов менен болгон жолугушууда бийик тоолордогу сууларда ГЭСтерди курууну көздөгөн австриялык инвесторлорду түштүктөгү гидропотенциалы жогору тоолуу райондор кызыктырарын белгиледи. Элчи Урсула Фарингердин Ош шаарындагы иш сапары 1-октябрда жыйынтыкталат. (AzK)

XS
SM
MD
LG