Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:21

Кыргызстандын балы чет жакка чыгарылбай жатат



Кыргызстанда да чочко тумоосу катталгандыгына байланыштуу өлкөнүн ветеринардык кызматы балды экспорттоого тыюу салган. “Уюк” акционердик коомунун жетекчиси Жаныбек Кермалиевдин "Азаттыкка" билдиришинче кыргыз балы ири өлчөмдө Орусияга экспорттолчу. Андан кийин коңшу Казакстан жана Араб өлкөлөрүнө да кичинеден жөнөтүлө баштаган. Учурда бал жергиликтүү гана рынокко алынып чыгууда. Кыргызстанда 189 миң бал челек бар. Алардын өндүрүмдүүлүгү 4 миң тонна балды түзөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG