Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:27

Оппозиция-бийлик жолугушуусу болбой калды


Президенттин парламенттеги өкүлү Досалы Эсеналиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда СДП фракциясынын төрага орун басары Иса Өмүркуловдун катынын негизинде эки тараптуу сүйлөшүү жараяны бир нече күн мурда башталган. Бүгүн баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана Досалы Эсеналиев менен фракция өкүлдөрү жолугушуп, президент менен жолугушууну уюштуруу маселелерин талкуулашмак. Бул күнкү жолугушуу тууралуу кат жүзүндө фракцияга билдирүү бир күн мурда жиберилген деди Эсеналиев.

Бул маалыматты СДП фракциясы төгүндөй да, бышыктай да элек. СДП фракциясынын төрага орун басары Иса Өмүркулов буга чейин жолугушуу тууралуу маалымат тарап кеткендиги үчүн мамлекеттик кызматкерлерге кине коюп, жолугушуу планы тууралуу маалыматты бышыктаган эмес. Бүгүн эртең менен бир катар маалымат каражаттары бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсү тууралуу маалыматтарды президенттин өкүлү Эсеналиевдин депутат Өмүркуловго жооп катына шилтеме берип таратышкан.
Бейрасмий булактардын маалыматтарына караганда СДП фракциясы Балыкчы окуясы боюнча президент менен сүйлөшүүнүн башка жолдорун караштырып жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG