Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Тажик президенти кызын министрге жардамчы кылды

Озода Рахмонова акыркы эки жыл өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматында иштеген. Эмомали Рахмон аны Тышкы иштер министринин орун-басары катары дайындады. Ошентип, ал Борбор Азиядагы салтты үзбөй, улантып жатат. Аймакта өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова да өлкөсүндө Тышкы иштер министринин орун-басары. Казакстанда болсо Дарига Назарбаева - парламенттин депутаты. Тажик президенти Рахмондо жалпысынан жети кызы, эки уулу бар. Уулдарынын улуусу Жаштар биримдигинин жетекчисинин орун-басары болуп иштейт.
XS
SM
MD
LG