Кыргызстан-Орусия парламенттер аралык ассамблеясынын Чолпон-Ата жолугушуусунда кыргызстандык эмгек мигранттарынын каттоосуз жүрүү мөөнөтүн 3 күндөн 90 күнгө узартуу демилгеси көтөрүлдү. Кыргызстандын мыйзамдарында Орусиялык жарандарга Кыргызстанда каттоосуз 90 күн жүрүү укугу берилген.
Бул отурумда ошондой эле орусиялык жарандардын мүлккө укуктары каралды. Маалыматка караганда Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык жарандар Орусияда үй сатып алууга укуктуу. Кыргызстандын мыйзамдарында Орусиянын жарандары үчүн мындай мүмкүнчүлүк каралган эмес.
Парламенттер аралык ассамблеянын отурумунда ошондой эле “Дастан” ишканасынын 48% акциясын Орусияга берүү, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун каржылоого байланышкан макулдашууларды талкуулап, бул жараяндарды тездетүү сунушталды. Парламенттер аралык ассамблея 29-сентябрда Чолпон-Атада өттү. (BuS)