Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

Шаботоевге таандык саналган сөөк бир айда аныкталат


Бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын башчысы Кубатбек Норузбаевдин билдиргенине караганда кечээ табылган сөөк Шаботоевге таандык болушу ыктымал деген божомол анын кийими менен саатына негизделүүдө. Тергөөчү сөөктө табылган сааттын маркасы менен туугандары берген сааттын паспорту төп келип жатат деп билдирди. Сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы бир ай ичинде чыгары айтылды.

ИИМ кызматкерлери депутаттын өлүмүн коммерциялык-каржылык алакалар менен байланыштырууда.
Шаботоевге таандык деп саналган сөөк Байтик айылынын аймагында айыпталуучу Жумабек Зикирбаевдин көрсөтмөсү боюнча табылгандыгы мурда маалымдалган. СДП фракциясынын мүчөсү Руслан Шаботоев 2008-жылы 30-сентябрда дарексиз жоголгон.
Бүгүн Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Анаш Сейитказиев депутат Руслан Шаботоевдин дарексиз жоголушуна байланышкан маселе боюнча күч кызмат жетекчилеринин маалыматын угууну парламентке сунуш кылды. (BuS)

XS
SM
MD
LG