Ага губернатор К. Масиров облустун атынан 20 миң сом, Сузак райакимчилиги 10 миң сом акчалай жардамын кошту. Адам укугун коргоочулардын билдиришинче, карылар үйүнүн имараты эски. Ордунан тура албагандарды башка имаратка көчүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой, үйдүн үчүнчү кабатына суу чыкпайт. Көп жылдан бери кошумча имаратка каражат бөлүнбөй келатат. Сүрөөнчүлөрдүн жардамын эске албаганда карылар үйүндөгү кароосуз адамдарга күнүнө 55 сомдук тамак-аш жана 7 сомдук дары-дармек берилет. Аталган карылар үйү менен облустагы балдардын психологиялык ооруканасындагы адам укугунун сакталышына “Сорос-Кыргызстан” кору каржылаган долбоордун алкагында калкты социалдык жактан коргоо боюнча Л. Фомова атындагы бирикменин Жалал-Абаттагы түйүнү көз салууда. (YA)