Премьер-министр Игорь Чудиновдун төрагалыгы астында бүгүн өтө турган тармактар аралык комиссиянын жыйынында стандарт, лицензия, ченемдик базаларды жаңылоого байланыштуу маселелер каралат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Өкмөт жаңы жылдан тарта өлкөдөгү продукция жана товарларды жаңы эл аралык стандарттарга ылайык чыгаруу тартибин киргизүүгө ниеттенүүдө.(AiT)