Парламенттин бүгүнкү пленардык жыйынында “Ак Жол” фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов Р.Шаботоевдин өлүмүнө байланыштуу бириккен оппозициянын лидери Алмазбек Атамбаевди суракка алууну ИИМге сунуштады. У.Ормоновдун айтымында, А.Атамбаев президенттик шайлоо учурунда депутаттын өлгөндүгүн билдирген. “Шайлоодогу рейтингин көтөрүү үчүн айтылган сөз болсо, бул жакшы болгон эмес. Бирок баары бир А.Атамбаевди суракка алыш керек. Бул иштин чоо-жайы ага белгилүү болуп жүрбөсүн”, - деди У.Ормонов. Ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев бул иш боюнча А.Атамбаев сөзсүз түрдө сурала турганын билдирди. (КЕ)