Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Азиза Абдырасулованын сумкасынан ок чыкты


1-октябрда белгилүү укук коргоочу Азиза Абдырасулова Варшавадан учак менен Москвага келип түшкөндө, Орусиянын аба майданындагы бажы көзөмөлүнүн кызматкерлери анын кол сумкасынан автоматтын огун тапкан. Бул тууралуу бүгүн Азиза Абдырасулова өзү “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, орус бажычылары укук коргоочуну эки жарым саат кармап, түшүнүк кат алышкан. Азиза Абдырасулова Варшаванын аба майданынан текшерүүдөн өткөндө эч нерсе табылбай, Москвага келип түшкөндө кол сумкасынан октун табылышына таң калганын жашырган жок. Анын айтымында, бул чагым анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу толук ыктымал. Ал 28-сентябрда ЕККУнун Адамдын мүмкүнчүлүктөрүн ченөө боюнча жылдык жолугушуусу боюнча Варшавада өткөн эл аралык конференциясына катышканы барган.
Бул боюнча Мамлекеттик бажы комитетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдылда Молдобаевге кайрылганыбызда, ал А.Абдырасулова боюнча Москвадан маалымат түшпөгөнүн, азыркы мыкты техникалык аппараттар аркылуу текшерүүдөн маң заттары, ок, курал-жарак бажы көзөмөлүнөн өтүүсү мүмкүн эмес экендигин билдирди.(AJ)

XS
SM
MD
LG